Райымбек Матраимовдун баш коргоо чарасы бүгүн каралабы?

Бүгүн, 19-февралда кечээ камакка алынган Райымбек Матраимовдун тарапташы УКМКнын алдына чогулду. Алар: «Матраимовдун баш коргоо чарасын Биринчи Май райондук соту бүгүн карайт»,- деп райондук соттун имаратына бет алышты.

Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА агенттиги Биринчи Май райондук соту менен байланышты. Бирок райондук соттун басма сөз кызматы Матраимовдун иши боюнча азырынча материал тушпөгөнүн, анын баш коргоо чарасы сотко материал келип түшкөндө гана караларын айтты.

Жакында эле УКМК Матраимовго «коррупция» беренеси боюнча кылмыш ишин ачып, ал тергөө менен иштешүүгө макул болуп, мамлекетке келтирилген 2 миллиард сомдук чыгымды калыбына келтирген. Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны «коррупция» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып салган. Ал эми кечээ, 18-февралда УКМК Матраимовду жаңы иш, кылмыштуу кирешелерди адалдоо боюнча камакка алган.