Рамзан Кадыровду сындаган Мансур Мовлаевдин кармалышы боюнча УКМК маалымат берди

Кыргызстанда чечен активисти, Рамзан Кадыровду сындаган Мансур Мовлаев кармалганы маалымдалган. 

УКМК маалымат берип, анын Ысык-Көлдө кармалганын билдирди. «20-августта УКМК тарабынан эл аралык террористтик уюмдарга каршы жүрүп жаткан террористтик-иш-чаралардын алкагында, радикалдык идеологияны карманган, мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 1995-жылы туулган Орусиянын М.М.М. аттуу жараны Ысык-Көл облусунун аймагынан кармалды. Ал Сириядагы ЭТУнун эмиссарларынын көрсөтмөсү боюнча, ЭТУну каржылоо максатында, Кыргыз Республикасындагы колунда бар жарандарына бир катар каракчылык кол салууларды жасоо ниетинде Кыргыз Республикасынын аймагында мурда соттолгон жарандарды тарбиялоо үчүн келгендиги аныкталды.

Такталгандай, жогоруда кармалган жаран 2023-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, 1993-жылдын 21-декабрында туулган С.И.В. аттуу жарандын атына Орусиянын жаранынын жасалма паспортун колдонуп, Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн. Азыркы учурда кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди», — дешти.