Равшан Жээнбеков 27-декабрга чейин камакта калтырылды

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин иши боюнча соттук отурум уланды. Буга чейин жактоочу Замир Жоошев айыпталуучу Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен кайрылган.

Жактоочу өтүнүчүн Жээнбековдун депутаттыкка ат салышып жатканы менен түшүндүрдү. Мындан тышкары адвокат Равшан Жээнбеков чет өлкөдө дарыланууга муктаж экенин билдирди. Соттун өкүмүн судья Азирет Медеров окуп берди, ага ылайык Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасы 27-декабрга чейин узартылды. Төрагалык кылуучу айыпталуучунун баш коргоо чарасын өзгөртүү үчүн жагдай болуп санала турган далилдер сотко берилген эмес деп билдирди.