Равшан Жээнбеков эркиндикке чыкты (видео)

Мурдагы депутат Равшан Жээнбеков камактан бошотулду. Бул тууралуу анын уулу билдирип, видео менен бөлүштү.

22-декабрда камактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун жактоочусу соттон анын баш коргоо чарасын жокко чыгарууну суранган. «Ал 363 күндөн бери камакта, башкача айтканда, эки күндөн кийин анын камактагы мөөнөтү бүтөт. Мыйзамга ылайык, алар аны бошотууга же баш коргоо чарасын өзгөртүүгө милдеттүү», — деген жактоочулары.

Жээнбеков 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылындагы окуя боюнча СИЗО-1де кармалып турган. 2020-жылдын октябрындагы окуялардан кийин ал бошотулуп, үй камагына чыккан. 5-августунда үй камагын бузуу боюнча баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, ал кайрадан СИЗОго киргизилип, 27-декабрда Кой-Таш окуясы боюнча бардык айыпталгандардын мөөнөтү аяктаган. Буга байланыштуу Жээнбеков бошотулду.