Равшан Жээнбековду камактан бошотуу өтүнүчү келтирилди

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин иши боюнча соттук отурум уланды. Башкы айыпталуучу сотко алып келинген жок. Алмазбек Атамбаев камерадан чыгуудан баш тарткан. 

Равшан Жээнбековдун жактоочусу Замир Жоошев жактоочунун баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн келтирди. Ал кайрылууну 1-декабрдан тарта жаңы Кылмыш-процессуалдык кодекстин күчүнө киргени менен негиздеди. «Мыйзамга ылайык, айыпталуучуга акыркы чечими жок бир жылдан ашык камакта кармоого тыюу салынат. Равшан Жээнбеков бир жылдан ашык убакыттан бери камакта, мындай учурда анын баш коргоо чарасы өзгөртүлүшү керек», — деди ал.