Равшан Жээнбековдун жубайы 2 айга камакта калтырылды

Бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековдун жубайы Салкын Алимбаеванын баш коргоо чарасы каралып, камакта калтырылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

УКМКнын тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн өтүнмөсү канааттандырылып, айыпталуучуга карата бөгөт коюу чарасы катары 24-июлга чейин камакка алуу түрү колдонулган. Ал УКМКнын Тергөө изоляторунда кармалат”, — деп айтылат маалыматта.