Равшан Жээнбековдун жубайынын камактагы мөөнөтү узартылды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековдун жубайы Салкын Алимбаеванын камактагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 24-сентябрга чейин УКМКнын СИЗОсунда болот.

25-майда Равшан Жээнбековдун жубайы Салкын Алимбаеванын кармалганы айтылган. Анын жактоочусу Разак Ашымбаев Алимбаева коррупция беренеси боюнча айыпталып жатканын билдирген.