Ресторанда токмокко кабылган фотограф кыз. Окуя боюнча милиция үн катты

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы Көк-Жар айылындагы ресторанда ур-токмокко кабылган фотограф кыздын окуясы тууралуу маалымат берди.

Маалыматка караганда, 26-сентябрь күнү Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө 2002-жылы туулган кыз арыз менен кайрылган. Ал Көк-Жар айылындагы ресторандын ичинен белгисиз адам тарабынан себепсиз сабалганын билдирген. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар кодексинин 119-беренеси (майда бейбаштык) менен катталган.

«Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган жаранды суракка алышкан. Ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, мас болгонун билдирген. Ал эми жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ылайык жабырлануучу жеңил жаракат алганы аныкталган. Бардык керектүү иш-чаралар жүргүзүлгөндөн кийин материалдар сотко жиберилет. Ошону менен бирге жабырлануучу бул фактыны милиция кызматкерлери каттабай коюшту деген маалыматы чындыкка дал келбейт», — деп айтылат милициянын маалыматында.