«Рулда» рейди учурунда 1185 мас айдоочу кармалды

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол унаа кырсыктардын алдын алуу максатында 8-июлдан тартып, 3-августка чейин өлкө аймагында “Рулда” аталышында рейд өткөрүп, 86 264 жол эрежелерин бузган айдоочуларды аныктады.

Алардын ичинен:
— мас абалында унаа башкарган 1185 айдоочу;
— автоээнбаштык жасаган 283 айдоочу;
— каршы тилкеге чыгып айдаган 1753 айдоочу;
— тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган 326 айдоочу;

— терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 533 айдоочу.

Одоно жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 6555 авто унаа айып короо жайына киргизилди.