«Рулга ээ боло албай бакты сүзгөн». Чүйдөгү жол кырсык 2 адамдын өмүрүн алды

Чүйдөгү жол кырсыктан 2 адам каза болуп, 3 адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Кемин районунун Ударник айылынын Ленин көчөсүндө болгон. Анда Дэу Нексия унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, бак сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 2004-жылы туулган өспүрүм, 1 кыз каза болгон жана 3 өспүрүм жабыркаган. Учурда аты-жөндөрү такталып жатат.

Куткаруучулар каза болгон жана жабыркаган жарандарды унаадан чыгарып, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти. Жерине 3 куткаруучу тартылган.