Рыспек Акматбаевдин ата-энеси каза болгон жол кырсыгы боюнча тергөө иштери токтотулду

Абдымалик Акматбаев менен Сабира Содалиева каза болгон жол кырсыгы боюнча тергөө иштери токтотулду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

«Тергөө иш кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу токтотулду», — дешти милициядан.

4-октябрда Ысык-Көл облусунда жол кырсыгы катталган. Анда Чолпон-Атадан Балыкчыны көздөй бара жаткан унаанын айдоочусу кайрылышта рулга ээ боло албай, унаа ала салып кеткен. Унааны 1937-жылы туулган Абдымалик Акматбаев башкарып бара жаткан. Жанында жубайы болгон. 5-сентябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жерге берилген.