Бишкек шаардык соту S-LINE кооперативинин жетекчиси Бакыт Аалиевди 24-майга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, шаардык сотко Аалиевдин адвокаттары үй камагына бошотууну өтүнүп кайрылган. Ал буга чейин камакта болгон. Ал эми кооперативге акчасын берип, бирок үй ала албай калган жарандар Аалиевди үй камагына чыгарбоону талап кылып акция өткөрүштү.
«S-LINE» турак-жай кооперативинин жетекчиси катары таанымал Бакыт Аалиев 15-мартта ишенип берилген мүлктү ыйгарып алууга шектелип кармалган. Аталган кооперативдин үстүнөн 24 арыз бар экендиги, жабырлануучуларга келтирилген сумма 40 миллион сомдон ашканы маалымдалган. 22-мартта «S-LINE» турак-жай кооперативинин жетекчисинин бөгөт чарасы каралып, ал үй камагына чыккан.