«S-LINE» турак-жай кооперативинин жетекчиси үй камагына чыкты

Кечээ, 22-мартта «S-LINE» турак-жай кооперативинин жетекчисинин бөгөт чарасы каралып, ал үй камагына чыкты. Бул тууралуу Ош шаардык сотунан маалымдашты.

«S-LINE» турак-жай кооперативинин жетекчиси катары таанымал Бакыт Аалиев 15-мартта ишенип берилген мүлктү ыйгарып алууга шектелип кармалган. Аталган кооперативдин үстүнөн 24 арыз бар экендиги, жабырлануучуларга келтирилген сумма 40 миллион сомдон ашканы маалымдалган.