«Саатына 100 доллар». Бишкектеги сойкулар Баткенге барып, «кызмат» көрсөтө башташкан

Интимдик кызмат көрсөткөн кыздар аныкталып, кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

16-апрель күнү Кылмыш жаза кодексинин 160-беренесинде (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаарында мессенджерлер аркылуу интим кызматтарын көрсөткөн уюштуруу иштерин жүргүзгөн жаран Whatsapp мессенджери аркылуу, мурда Бишкек шаарында вебкам кызматы аркылуу интимдик кызматтарды көрсөтүп жүргөн кыздар, Бишкек шаарында сойкулукка жана ыплас иш-аракеттерге аеосуз күрөш башталганына байланыштуу, аймактарга качышып, оңой акча табуу максатында өз иштерин улантышып, саатына 100 доллар өлчөмүндө акчалай акыга интимдик кызмат көрсөткөн кыздар аныкталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында Лейлек районунун 19 жаштагы жана 21 жаштагы тургундары аныкталып, тергөө кызматына өткөрүп берилди. Жогорудагы кыздар Раззаков шаарында жашыруун өздөрүнө ишеничтүү болгон атуулдардан буюртмаларды алып, интимдик кызматын көрсөтүп жүрүшкөн.