“Сабалган баланын апасы жолдошун кечирип, тосмо арыз жазып берүүгө даяр” дейт жактоочусу

Бүгүн, 23-ноябрда социалдык тармактарга денеси көгала болуп, көзүнө кан уюган жана бети шишип кеткен алты жаштагы баланын сүрөттөрү тараган. Аны өгөй атасы сабаганы, ал эми апасы тогуз айлык кош бойлуу экени айтылган. Окуянын өзү бир апта мурда 18-ноябрга караган түнү Сокулук районундагы “Поле чудес” конушунда орун алып, бала ооруканага жеткирилген соң, милиция кызматына кабар берилген. Эне да бойдон түшүп калуу коркунучунан бейтапканага жаткырылганы маалым болду. Сабалган баланын абалы жакшырып, аны таенеси ооруканадан алып чыгып кетти.

Милиция кызматынан билдиришкендей, 25 жаштагы аял баласын сабап салган 33 жаштагы күйөөсүнө чара көрүүнү суранып кайрылган. Бала кандай деңгээлде жаракат алганын аныктоо үчүн экспертиза дайындалды. Факты милиция тарабынан “үй-бүлөлүк зомбулук” беренеси менен каттоого алынып, баласын сабоого шектелген өгөй ата кармалды. Окуяны Ички иштери министри Улан Ниязбеков жеке көзөмөлүнө алганы да маалым болду.

Ал эми сабалган баланын апасы жолдошун кечирип, доосу жоктугун айтып, тосмо арыз жазып берүүгө даяр. Бул тууралуу анын жактоочусу журналисттерге билдирди. Баланын апасы «азыркы күйөөм менен жашайм» деп арызын жазып берди. Тилекке каршы, бул жерде баланын апасы чечет”, — деди адвокат.