Сабалган дарыгер. Милиция маалымат текшерилип жатканын билдирди

Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталда дарыгер сабалгандыгы тууралуу маалымат текшерилип жатат. Бул тууралуу Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Улуттук госпиталда мушташ чыккандыгы тууралуу маалымат милицияга бүгүн, 20-апрелде саат 8:35те түшүп, ыкчам тергөө тобу барган. Аларга дарыгер Болот Таиров арыз менен кайрылган. Өзүнүн айтымында, болжол менен саат 8:30 чамасында жарандардын бири кабыл алуу бөлүмүнүн эшигин талкалап кирип, башына урган. Аталган факты майда бейбаштык беренеси менен катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.