«Сабап, айлап үйгө камап койчу». Аялына зомбулук көрсөткөн делген УКМКнын кызматкеринин иши кыскартылды

Ленин райондук соту УКМК кызматкеринин аялына карата зомбулук көрсөткөн фактысы боюнча ишти кыскартты. Бул тууралуу адвокат Бакытбек Автандил уулу билдирди.

Анын айтымында, алты ай бою Бишкек шаарынын тургуну физикалык жана психологиялык зомбулукка кабылган. «Ал спирт ичимдигин ичип, аны сабачу. Байланыш каражаттары жок үйгө бир айга камап койчу. 2021-жылдын 16-майында жабырлануучу кезектеги ур-токмокко алынгандан кийин, эки баласын таштап, бир баласы менен үйдөн качып кеткен. Эртеси ал милицияга арыз жазган, бирок тергөө органдары жарым жыл иштешкен эмес. Кечээ эле доонун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу иш сотто токтотулду», — деди жактоочу.

Ал апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылууну көздөп жатканын баса белгиледи.