«Сабап, акчасын тартып алган». Караколдо аял кишиге кол салууга шектелген 33 жаштагы жаран 2 айга камакка алынды

Каракол шаарында 33 жаштагы жаран аялга кол салып, акча каражатын тартып алууга шектелип жатат. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Каракол ШИИБге Жети-Өгүз районуна караштуу Тилекмат айылынын 37 жаштагы тургуну (аял киши) арыз менен кайрылган. Арызда кечке жуук шаардын Пушкин атындагы сейил багында белгисиз жаран ага кол салып, сабап, уюлдук телефонун, 9 миӊ сом өлчөмүндө акча каражатын жана жарандык паспортун тартып алгандыгын билдирген. Аталган окуя Каракол ШИИБге катталып, Жазык кодексинин 201-беренесинин (тоноо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү адамдын аты-жөнү аныкталып, Каракол ШИИБге жеткирилген. Жүргүзүлгөн алгачкы суракта, кылмышка шектүү катары кармалган Түп районунун Кеӊ-Суу айылынын 33 жаштагы тургуну кылмыш боюнча күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Шаардык сотунун чечими менен, 2 айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды. Учурда, тергөө амалдары уланууда.