«Сабап, колу-бутун байлап, каналга ыргытышкан». Жаш келинди өлтүргөн делген жаран 11 жылдан кийин Орусияда кармалды

Адам өлтүрүүгө айыпталган адамдын жүргөн жери аныкталды. Ал кармалганга чейин укук коргоо органдарынан 11 жылдан ашык качып жүргөн. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 2010-жылдын 17-июнунда Ош облусунун Араван РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 25-30 жаштардагы белгисиз аялдын жансыз денеси Дадахан айылынын пахта талаасындагы каналдын жээгинен табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жансыз денени сырттан кароо жүргүзүүдө башында жана колдорунда ар кандай жарааттар бар экени аныкталып, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусу боюнча маркумдун баш сөөктөрү, кабыргалары сынгандыгы, күч колдонуп өлтүрүлгөнү тастыкталган. Маркумдун аты-жөнүн аныктоо максатында жүргүзүлгөн тийиштүү иш-аракеттердин негизинде, ал Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорттук каражаттарды каттоо департаментинин 1980-жылы туулган кызматкери экендиги аныкталган.

Алгач маркум 2010-жылдагы июнь окуясынын кесепетинен каза болгон деген божомолдоо болгон. Бирок тергөө-ыкчам иш-аракеттеринин жүрүшүндө адам өлтүрүүнүн жагдайлары аныкталып, айрым кылмыштуу элементтер 2010-жылдын май айында Транспорттук каражаттарды каттоо департаментинин кызматкери маркумдун батир сатып алуу максатында ири өлчөмдөгү акчасын сактап жүргөнүн кокусунан билип калышып, алар анын ишеничине кирүү менен көздөгөн кылмыштуу максаттарына жетүү жөнүндө өз ара сүйлөшүп алышып, кылмыш жолун улантышкан. Тактап айтканда, бир-нече адамдан турган кылмыштуу топ 2010-жылдын 10-июнунда маркумду Ош шаарынын четине алдап алып барышып, ал жерден күч колдонуп сабап, электрошокердин жардамы менен коркутуп, 10 миң доллар талап кылышкан. Кылмышкерлер көздөгөнүнө жетпей, маркумдун алтын-күмүш зергер буюмдарын алышып, колу-бутун байлап, Кара-Суу районундагы каналга ыргытып жиберишкени аныкталган. Бир жумадан кийин маркумдун жансыз денеси Ош облусунун Араван районунун аймагынан табылган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка тиешеси бар адамдар кармалышып, сот тарабынан алардын бири 25 жылга, экинчиси 18 жылга эркинен ажыратылса, дагы бирөөсү оор кылмышты жаап жашыргандыгы үчүн 3 жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле, бул оор кылмыштын активдүү шериктеринин бири изин жашырып качып кетүүгө үлгүргөн. Ага карата мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.

2022-жылдын январь айында Араван райондук милициянын кызматкерлеринин ыкчам маалыматынын негизинде издөөдө жүргөн адамдын жүргөн жери аныкталып, бул тууралуу ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүнө тийиштүү маалымат жиберилген. Издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада 2022-жылдын 21-январында оор кылмыш ишин жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн Ош облусунун тургуну 1988-жылы туулган жаран кармалган. Москванын аймактык сотунун чечиминин негизинде кармалган адам тергөө абагына киргизилип, учурда 1993-жылдагы Минск конвенциясына ылайык экстрадициялоо маселеси чечилүүдө.