Жогорку Сот Садыр Жапаровдун эжеси Райкүл Жапаровага карата чыгарылган өкүмдү жокко чыгарды

Жогорку Сот президент Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси Райкүл Жапарованы күнөөлүү деп тапкан чечимди 25-январда жокко чыгарган. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев бүгүн, 5-февралда маалымат жыйында билдирди.

«Соттук коллегиянын өкүмүнө байланыштуу аны экстрадициялоо зарылдыгы жок. Эми ал Кыргыз өлкөсүнө эркин келе алат», — деди Зулушев.

Райкүл Жапарова 2007-жылы бийликтен куулган президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин көмөгү менен «Ысык-Көл Инвест банкты» тартып алган деп айыпталып, сыртынан 10 жылга соттолгон. 2020-жылдын февраль айында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Райкүл Жапаровага эл аралык издөө жарыяланганын билдирген эле. Май айында анын Польшадан кармалганын жана өлкөгө экстрадициялоо маселеси каралып жатканын маалымдашкан болчу.

Ал эми Садыр Жапаров эжесине кылмыш иштин козголгондугун саясий буйрутма деп сыпаттап келген.