Садыр Жапаровдун иниси кайра кармалды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Ж.У.Р аттуу шектүү УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын өтүнүчү менен 19-августка чейин камакка алынганын ЖМКларга ырастады.

Соттун 17-июлдагы маалыматына караганда, ал алдамчылыкка шектелип кармалган. Жабырлануучу ири өлчөмдө материалдык зыянга учураганы айтылат.

Өткөн жылдын июль айында президент Садыр Жапаровдун тууганы Ракымжан Жапаровдун уулу Жапаров Улан Ракымжановичтин ИИМ тарабынан кармалып, ишкерлер менен бажычылар аралашкан мыйзамсыз иште тиешеси болгон деп шектелип жатканы айтылган.