Садыр Жапаровдун тууганы Улан Жапаров үй камагына чыкты

Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тууганы Улан Жапаров үй камагына чыкты. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Ал буга чейин 26-сентябрга чейин камакта калтырылган. Маалыматка караганда, анын бөгөт чарасы 24-августта каралып, үй камагына чыккан.

6-июлда Улан Жапаровдун кармалганы белгилүү болгон. Ал «Коррупция» беренесинин негизинде шектелип жатат. 32 жаштагы Улан Жапаров президенттин жакын тууганы Ракымжан Жапаровдун уулу.