Садыр Жапаровдун тууганы үй камагына чыкты

Садыр Жапаровдун тууганы Улан Жапаров үй камагына чыкты. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Ал 26-ноябрга чейин үй камагында болот.

6-июлда Улан Жапаровдун кармалганы белгилүү болгон. Ал «Коррупция» беренесинин негизинде шектелип жатат. 32 жаштагы Улан Жапаров президенттин жакын тууганы Ракымжан Жапаровдун уулу.