Сахалинде 12 Кыргыз жараны тамакка ууланып, ооруканага түштү

Сахалиндеги Углегорск шаарынын «Оргэнергострой» ишканасында 14 жумушчу тамак-ашка ууланып, ооруканага түштү. Бул тууралуу Орусиянын ЖМКлары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, алардын ичинен 12 адам Кыргызстандан Сахалинге акча табуу үчүн барышкан. Ошондой эле жумушчулардын катарында Тажикстандын жана Благовещенск шаарынын тургундары бар. Алардын бардыгы ооруканага жаткырылган. Жабыркагандардын абалы туруктуу. Бул факты боюнча Сахалин полиция кызматкерлери тарабынан кылмыш иши козголду.