Сак болуңуз! Ысык-Көлдө сел жүрүүсү күтүлөт

Эртең туруксуз аба-ырайына байланыштуу Ысык-Көлдө сел жүрүү коркунучу бар. Бул тууралуу  ӨКМдан маалымдашты.
«2022-жылдын 14–июнунда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ыссык-Көл облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун дэңгээли көтөрүлүшү күтүлөт», — деп жазылат маалыматта.