Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кармалды

Бүгүн, 2-июнда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кармалды. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине УКМКдан «биздин кызматкерлер тарабынан кармалган жок» деп жооп беришти.

Айрым маалыматтарга караганда, министр Башкы прокуратура тарабынан «Альфа» атайын багыттагы кызматкерлеринин жардамы менен кармалган. Башкы прокуратура бул окуя боюнча маалымат бере элек.

Азырынча министрдин кайсы кылмыш иши боюнча кармалганы белгисиз.

Соцтармактарда Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратынын алдында спецназ кармоо операциясын жүргүзгөн видео тарады.