Саламаттыкты сактоо министринин орун басары менен Иммунопрофилактикалык борбордун жетекчиси кармалды

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов, Иммунопрофилактикалык борбордун директору Гүлбара Ишенапысова, Дары-дармек жана медициналык буюмдар бөлүмүнүн башчысы Султан Сатарбеков кармалды. Бул тууралуу журналситтерге Башкы прокуратурадан билдиришти. 

Маалыматка караганда, аларды прокуратура COVID-19га каршы вакциналарды сатып алууда коррупцияга жол берген деген шек менен кармаган.