Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустун биринчи толкуну учурунда мамлекетке 3 миллион сомдон ашык суммада зыян келтирген

Башкы прокуратура тарабынан Саламаттыкты сактоо министрлигинде текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгы менен министрликте дары-дармектерди сатып алууда орун алган бир топ мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, коронавирус илдети менен күрөшүү иштеринин алкагында Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан Бүткүл дүйнөлүк банкынан бөлүнгөн акча каражатына дары-дармектерди, алардын катарында Лопинавир/ритонавир препараттарын сатып алуу жагы каралган. Кийин сатып алуу процедураларын жүргүзүүдө, Бүткүл дүйнөлүк банкы тарабынан Лопинавир/ритонавир препараттары сатып алынуучу дары-дармектердин тизмесинен чыгарылган.

Ага карабастан, 2020-жылдын 13-апрелинде Саламаттык ы сактоо министрлиги тарабынан «М» фармкомпаниясы менен Калидавир препаратын (Лопинавир/ритонавир препараттардын аналогу) мамлекеттик бюджеттин эсебинен 3,5 миллион сомго сатып алуу жөнүндө келишим шашылыш түрдө түздөн-түз түзүлүп, бирок сатып алынган дары-дармектер бүгүнкү күнгө чейин эч бир медициналык мекемелерге таратылбастан министрликтин кампаларында жаткандыгы аныкталды. Ал эми коронавирус илдетине чалдыккан адамдарды дарылоо боюнча Убактылуу клиникалык колдонмонун үчүнчү версиясына ылайык азыркы учурда дарылоо процессин жүргүзүүдө Лопинавир/ритонавир препараттары колдонулбайт.

Андыктан Саламаттык сактоо министрлигинин ошол маалдагы жетекчилиги жана башка кызмат адамдары тарабынан жогорудагы Калидавир препаратын сатып алууга мамлекеттик бюджеттен 3,5 миллион сом мыйзамсыз сарпталып, натыйжада мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирилген.

Жогорудагылардын негизинде, аталган факты боюнча 320-беренесине ылайык (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) сотко чейинки өндүрүш иши башталды.