Кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга шектүү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо), ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун ишин каржылоо фактысы боюнча катталган кылмыш ишинин материалдарынын негизинде, кылмышка шектүү катары Кыргыз жараны — Жалил Атамбаев (Ички иштер министрлигинин мурдагы кызматкери) кайрадан кармалды.
Ал буга чейин атайын кызмат тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн Өзбекстандын уюшкан кылмыштуу тобунун лидери Абдувалиевдин ишмердүүлүгүн активдүү каржылап жүргөнү үчүн кармалган.
Тактап айтканда, 2024-жылдын декабрь айында айыпталуучунун камакта кармоо түрүндөгү баш коргоо чарасы башка жакка кетпөө түрүндөгү милдеттемесине өзгөртүлгөн. Бирок тергөө-иликтөө иштеринин жүрүшүндө айыпталуучу тарабынан соттук чаранын шарттарын бир нече жолу бузуу фактылары аныкталган. Айыпталуучу тергөө органдарынын чакырууларына системалуу түрдө келбей, процессуалдык милдеттерди аткарбай койгон.