Салык кызматынын кызматкери 500 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Мамлекеттик салык кызматынын инспектору тарабынан опузалап акча талап кылуу жана документтештирүү фактысын аныкталган. Тактап айтканда, Кылмыш жаза кодексинин 343-берененин 3-бөлүгү өзгөчө ири өлчөмдө опузалап пара талап кылуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 14-январда жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында 500 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда инспектор кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Учурда тергөө уланууда.