Самара Каримова: «Жалал-Абаддан сый конок болуп, жолго чыктык эле…»

Бишкек-Ош жолунда жол кырсыкка кабылган Самара Каримова дарыгерлер телефонун колдонууга азыр гана уруксаат беришкенин айтып, ага жардам бергендерге, кабатыр болуп жаткандарга ыраазычылыгын билдирди.

Анын айтымында, окуя болгон күнү алар жолго Жалал-Абадда сый конок болуп, жолго чыгышкан.

«Урматтуу замандаштарым, ага-эжелерим, достор, туугандар, кесиптештер, күйөрмандарым, каалоо-тилектерге, ак бата, дуаларынызга чон рахмат. Кырсык каш кабактын-ортосунда дегендей бир аз кырсыктап калдык.

Достор менен Жалал-Абаддан сый конок болуп жолго чыктык эле…. Таң сүрүлүп баарыбыз уктап кетиппиз.
Аллага чексиз шүгүр баарыбыз аманбыз. Жараткандан келген сыноого ыраазыбыз.

Ош-Бишкек жолунда такси айдаган агалар, мырзалар жардам берген жалпы жүргүнчүлөр баарыныздарга Алла ыраазы болсун. Чон рахмат. Дайыма жолуңуздар шыдыр болсун.
Сапарыңыздар байсалдуу болсун.

Токтогул шаардык ооруканасындагы өмүр сакчылары, иштеген жалпы ак халатчандар таазим сиздерге, алтын колдорунуздарга береке. Токтогул райондук ички иштер кызматкерлерине да чоң рахмат. Абалымды тез-тез сурап турган кесиптештер, туугандар, жалпы журналисттер чоң рахмат. Дарыгерлер телефон колдонууга эми уруксат берди. Биз жакшыбыз. Баарыңыздарды сыйлайм, жакшы көрөм. Ошко азыр которулабыз. Баарыныздарга жакшылык каалайм. Асмандан, жерден келген апааттардан баарыныздарды Жаратканым өзү сактасын»,- деп жазды ал.