Кыргызстан профсоюздар федерациясынын Жалал-Абад санаторийинин (курорт) директорунун орун басары бейтаптардан системалуу түрдө акча каражатын талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пункту (опузалап пара талап кылуу) фактысынын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, жогоруда аталган мекеменин директорунун дарылоо бөлүмү боюнча орун басары Жалал-Абад санаториясынын бейтаптарынан акча талап кылып алып жаткан жеринен кармалган.
Такталгандай, кармалган жаран иш жүзүндө бекер бериле турган жана санаторийдин медициналык процедураларынын милдеттүү прейскурантына киргизип, дарыланып жаткандардан кошумча медициналык процедураларды санаториялык китепке киргизүү үчүн акча талап кылуу менен системалуу түрдө алектенип жүргөндүгү аныкталды. Кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.