Санкт-Петербургда 17 жаштагы Кыргыз жараны кар күрөп жатып, чатырдан кулап түштү (видео)

Санкт-Петербургда 17 жаштагы Кыргыз жараны кар күрөп жатып, бала бакчанын чатырынан кулап түштү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги тараткан маалыматка ылайык, 12-январда көптөгөн жаракаттары жана көк ала тактары менен 2004-жылы туулган Кыргыз жараны Шаардык көп профилдүү балдардын клиникалык борборунун реанимация бөлүмүнө жаткырылган. Анын абалы оор. Дарылоочу врачтын айтымында, келерки жумада анын жамбаш сөөгүнө операция жасоо пландалууда. Учурда элчиликтин Санкт-Петербург шаарындагы Канцеляриясы жашы жете элек Кыргыз жаранынын кандай жагдайда кулагандыгын иликтеп жатат. Ошондой эле элчиликтин кызматкерлери жабырлануучунун агасы менен байланышты.