Санкт-Петербургда кыргызстандык аял кызына ыдык көрсөтүлгөнүн билдирген

Санкт-Петербургда 26 жаштагы Армениянын жараны 14 жаштагы кызга ыдык көрсөтүүгө шектелип жатканын Орусиянын «Оперативное прикрытие» басылмасы жазды.

ЖМКлардын маалыматына караганда, 19-май күнү Кыргыз жараны милицияга кайрылган. Аялдын айтымында, кылмыш 22-апрель күнү түштөн кийин Алтайская көчөсүндөгү оюн аянтчасында болгон.

Ошол эле күнү шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.