Санкт-Петербургда кыргызстандык жарандын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Ал ооруканада

Санкт-Петербургда мигрант айдоочу менен өспүрүмдүн катышуусунда жол кырсыгы катталды. Экөө тең оор жаракаттар менен ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, 34 жаштагы кыргызстандык Киа Рио унаасын айдап бара жаткан. 35-чакырымда Екатеринофка жээгине бурулууну чечкен. Бурулуп жатканда Volvo менен сүзүшкөн. Кесепетинен кыргызстандык жаран жана анын 17 жаштагы жүргүнчүсү ооруканага жаткырылган. Өспүрүм баш мээсинен ачык жаракат алган. Учурда кырсыктын чоо-жайы такталууда.