Санкт-Петербургда Кыргызстандын жараны 14 жаштагы кызды зордуктоого шектелип жатат

Орусияда 14 жаштагы кызды зордуктоого 31 жаштагы Кыргызстандын жараны шектелип жатат. Бул тууралуу Орус ЖМКлары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, полицияга Кыргызстандын 41 жаштагы жараны кайрылган. Ал 14 жаштагы кызы зордуктоонун курмандыгы болгонун билдирген. Ал кишинин айтымында, окуя Балканская көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жанында болгон.

6-августта кылмышка шектүү кармалган. Анын 31 жаштагы Кыргызстандын жараны экендиги аныкталган. Кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.