Санкт-Петербургдагы мушташта кыргызстандык бычактан жаракат алып, ооруканага жаткырылды

Санкт -Петербургдагы мушташтын кесепетинен кыргыз жараны ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Алар жазган маалымат боюнча, 22 -августта түн ичинде Октябрьская жээгиндеги Корона кафесинде беш киши мушташкан, алардын бири бычак колдонгон. Кыргызстандан барган 20 жаштагы мигрант жаракат алган. Жабырлануучу Александровка ооруканасына жеткирилген, анын абалы орто деп бааланууда.

Ал полицияга кол салгандарды сүрөттөп берген Анын айтымында, алардын баары сакал коюп, алдыңкы айнеги сынган ак түстөгү Matiz машинасын айдайт. Бул факт боюнча Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 115-беренеси «ден соолукка атайылап оор залал келтирүү» боюнча кылмыш иши козголду.