«Сапаттын» президенти Орхан Инанды дайынсыз болуп жатат

«Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү, президенти Орхан Инанды 1-июнга караган түнү уурдалганы маалым болду. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги окуя боюнча Октябрь райондук ички иштер бөлүмү менен байланышты.

Маалыматка караганда, Инанды түнү менчик автоунаасы менен кетип бара жатканда, белгисиз адамдар уурдап кеткен. Жакындары анын дайынсыз болуп жатканы тууралуу Бишкектеги Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жазышкан. Арызда 1-июндун таңында Чыңгыз Айтматов көчөсүндө жайгашкан үйдүн эшигинин алдынан Орхан Инандынын «01KG 599AHR» мамлекеттик номерлүү «Lexus 470» үлгүдөгү автоунаасынын эшиги ачылып, ичи бош турганы, унаанын ээси 31-майда кечки саат 18:00дө байланышка чыккан бойдон дайынсыз экени айтылган.

Орхан Инанды Кыргызстанда 1995-жылдан бери эмгектенет. 2001-жылдан бери “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин президенти болуп эмгектенип келе жатат. Мекеменин курамында 16 лицей, 1 университет, 1 эларалык мектеп, 3 толук эмес жалпы билим берүү мектептери бар.

Бул окуяга байланыштуу кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуздар, ички иштер органдарына (102) же “Сапаттын” кеңсесине (0550049050) чалып коюуну өтүнүшөт.