Сары-Кыр ашуусунда унаасы менен калган жарандын жансыз денеси табылды

Сары-Кыр ашуусунда унаасы менен 5-ноябрда калып калган жарандын сөөгү бүгүн, 6-ноябрда табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигини басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал суукта тоңуп калган. 30 жаштагы маркум Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун салып жаткан компанияда иштеген, базага баратып жолдо калган.

Бүгүн эртең менен куткарууга учуп кеткен тик учак ал жактан Кытайдын 8 жаранын кошо эвакуациялаган. Маркумдун Сөөгү Манас шаарына жеткирилген.

Манас — Казарман жолунун ашуудагы бөлүгү 1-октябрдан тарта жабык болгон.