Сауд Арабияда зыяратчыларды ташыган автобус күйүп, 20 адамдын каза болушу. Арасында кыргызстандыктар жок

Сауд Арабияда умрадагы зыяратчыларды ташыган автобус кырсыкка учурап, күйүп кеткен. Кыска убакыттын ичинде автобус жалындуу шарга айланганын маалымат каражаттары жазышты.

Меккеге бара жаткан автобус Ашер шаарындагы көпүрөгө кирип кеткен. Кырсыктын кесепетинен 20 адам каза болуп, 29 адам жаракат алган. Айрым маалымат каражаттары өз булактарына таянып, кырсыкка учураган автобустун ичинде Йеменден барган зыяратчылар болгонун жазып чыгышты.

ТИМден маалымат таратышып, алдын ала маалымат боюнча каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок экенин билдиришти.