Саясатчы Жеңиш Молдокматов эки айга камакка алынды

Саясатчы Жеңиш Молдокматов 2 айга камакка алынды. Ал 6-июлга чейин СИЗО-1де кармалат. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту бүгүн, 8-майда чыгарды.

Саясатчынын жактоочусу бул чечим боюнча шаардык сотко доо арыз менен кайрыла турганын билдирди.

Жеңиш Молдокматов 6-май күнү ИИМге суракка чакырылган жана сурактан кийин 48 саатка камакка алынган болчу. Ал октябрь айындагы окуяларда УКМКнын имаратын басып алууга, башаламандык уюштурууга шектелүүдө. Өзү бул иш боюнча «мага карата саясий куугунтук болуп жатат» деп билдирген.