Саясатчы Өмүрбек Бабановдун бөгөт чарасы бүгүн каралбай калды

Саясатчы Өмүрбек Бабановдун бөгөт чарасы бүгүн, 1-июнда сотто каралбай калды. Бөгөт чарасын аныктоо боюнча соттук процесс эртең, 2-июнда болжолдуу түрдө саат 9:00дө Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда болушу ыктымал. Бул тууралуу саясатчынын санаалаштары билдиришти.

Учурда Өмүрбек Бабановдун тарапташтары соттун имаратынын алдында анын бошотулушун талап кылышууда.