Жаш саясатчы Темирлан Султанбековдун унаасына атылган ок боюнча бейбаштык беренеси менен кылмыш иши козголду

Жаш саясатчы, «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековго карата кол салуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. ИИМдин, Чүй ОИИБдин жана Аламүдүн РИИБдин кызматкерлеринен турган ыкчам тергөө тобу түзүлүп, зарыл болгон иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Темирлан Султанбеков Аламүдүн РИИБге 26-август күнү саат 18:30 чамасында кайрылып, белгисиз адамдарга карата чара көрүп берүүнү суранган. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси (бейбаштык) боюнча катталган.

«Султанбеков 26-август күнү Nissan X-TRAIL үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу менен Кой-Таш айылындагы көчө менен түштүк тарапты карай баратып, жолдо уктап кетип, унаанын өзү отурган оң жак тарабынан катуу үн чыкканын угуп ойгонуп кеткен. Айдоочу жогорку ылдамдык менен автоунааны айдап, К.А. аттуу жарандын үйүнө келип токтоп, унаанын арткы оң жак терезеси жабыркаганын байкашканын билдирди. Султанбеков жана унаанын айдоочусу жабыркабагандыгын билдиришип, соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышты», — деп айтылат маалыматта.

Аламүдүн РИИБдин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге кароо жүргүзүшүп, тиешелүү иштер жүргүзүлгөн. Кийин унаага кароо жүргүзүлүп, анын арткы оң жактагы терезесиндеги жабыркаган жери аныкталып, соттук-трассологиялык экспертиза дайындалды. Бул фактыга тиешелүүлөрдү аныктоо жана кармоо үчүн тажрыйбалуу кызматкерлерден түзүлгөн ыкчам топ зарыл болгон иш-чараларды жүргүзүүдө. Бул факты ИИМдин жана Чүй ОИИБдин жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынып, ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүүдө. Учурда экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.