Саясатчылар Исмаил Исаков, Кеңешбек Дүйшөбаев, Бектур Асановго кылмыш иши козголду

Саясатчылар, Убактылуу өкмөт мүчөлөрү Исмаил Исаков, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Бектур Асановго карата 2010-жылдагы Июнь окуясы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Исмаил Исаков ырастады.

Анын айтымында, алардан өлкөдөн чыкпоо боюнча тил кат алынган. «Кылмыш иш саясий негизде козголуп жатат. Биз бул иште ак экенибизди кынтыксыз далилдөөгө жетиштүү документтерибиз бар», — деди Исаков. 

Убактылуу өкмөт 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин түзүлгөн. Анын курамына Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Темир Сариев, Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров баштаган 14 адам кирген. Эмилбек Каптагаев аппарат жетекчиси болгон. Июнь окуясында Исмаил Исаков коргоо министри, Кеңешбек Дүйшебаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын башчысы, Бектур Асанов Жалал-Абад облусунун губернатору болуп турган.

Буга чейин Камчыбек Ташиев Башкы прокуратурага суракка чакырылып, андан чыккандан кийин Июнь окуясы боюнча билгенин айтып бергенин билдирген. УКМКнын төрагасы бул кандуу окуя Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн аракетинин натыйжасында болгонун баса белгиледи. Өткөн жылдын апрель айында президент Садыр Жапаров УКМКга Июнь окуялары боюнча материалдарды иликтөөнү тапшырган болчу.