Сейфтен 40 миң доллар уурдалган. Бишкекте шектүү кармалды

27-июль күнү Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге А.А. аттуу жаран белгисиз адамдарга чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда 26-июль күнү Чүй проспектисинде жайгашкан кеңселердин биринде терезесин сындыруу жолу менен сейфтин ичинен 40 миң доллар жана 960 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын жашыруун уурдап кетишкен.

Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1994-жылы туулган Ж.Д. аттуу жаран аныкталып, Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.