Сейсмология институту: Бишкек жана Канттагы жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 20-октябрда саат 13:34тө Казакстан менен Кыргыз Республикасы чектешкен аймакта очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Бишкек жана Кант шаарларында 4 балл болуп, Кант шаарынан 15 чакырым, Бишкек шаарынан 23 чакырым түндүк-чыгышка карай чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Буга чейин зилзаланын очогу шаардан 32 чакырым алыстыктагы Милянфан айылы болгонун Билдирүүлөрдүн Earthquake Alerts System онлайн системасы маалымдаган болчу.