Аксыда сел алып кеткен 5 жаштагы баланын сөөгү 5 күндөн бери табыла элек

12-июль күнү саат 18:00 чамасында Аксы районунун Алты-Айры жайлоосуна жааган жамгырдан кесепетинен Жолборсту сайынан сел жүрүп, 8 адамды агызып кеткен.

Издөө иштеринин натыйжасында, ошол эле күнү 7 адамдын жансыз денелери табылып, 2016-жылы туулган Айдар аттуу баланын сөөгү табылган эмес. ӨКМдин берген маалыматы боюнча ошол күндөн тарта, издөө иштери уланып жатат.

Бүгүн, 17-июлда жерине издөө иштерин улантуу максатында ӨКМден жалпы 58 куткаруучу тартылып, издөө иштери уланып жатат.