Сел каптаган Алай району толук тазаланды

Жаратылыш кырсыгынын кесепетинен 3-майда сел каптаган Алай районундагы айылдар тазаланып бүттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Алай районуна караштуу Корул, Жошолу, Коңур-Дөбө жана Гүлчө айыл өкмөттөрүндө нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордо сел жүргөн. Натыйжада жалпы район боюнча 294 турак үйдүн короолорун сел каптап, анын ичинен 49 турак үйдүн жана 1 орто мектептин жер төлөөсүн, 3 турак үйдүн ичин, 1 ФАПтын жана 1 китепкананын короосун каптаган.

Сел каптаган ар бир айылга райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн техникалар жана күч тартылган. Алардын жардамы менен Корул айыл аймагына караштуу Кең-Жылга айылындагы сел калдыктары тазаланды. Ал эми Гүлчө айыл өкмөтүндөгү Курманжан Датка айылында 180 метр сайдын нугу тазаланды.

Учурда Алай районуна караштуу селден жабыркаган айылдардагы турак-үйлөр, короолор жана социалдык объекттер сел калдыктарынан толук арылды.