Оштогу Кара-Суу районунда сел жүрүп, Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолу эки тараптуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Бүгүн, 25-апрель күнү саат 09:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулар Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолунун болжол менен 40-44 чакырым аралыгын каптаган. Ал жерге тазалоо иштерин жургүзүү максатында 1 жүктөгүч тартылды. Учурда каттам эки тараптуу жабык. Кошумча маалымат берилет.