Селекция айылында бети-башы кесилген келин. Шектүү кармалды

«Чүйдүн Селекция айылында күйөөсү аялынын бети-башын кескилеп, таң атканча кыйнаган» деген маалымат соцтармакта тарап, сүрөттөр жарыяланган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден маалымат беришти.

Бүгүн, 20-сентябрь күнү Сокулук ички иштер бөлүмүнө Селекция айылындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 1987-жылы туулган жаран денесине бычак менен келтирилген жаракаттар менен ооруканага жеткрилгендиги боюнча маалымат түшкөн. Аталган факты Сокулук районунун ички иштер бөлүмүндө 130-берене (денеге оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.

Бул окуя боюнча кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды. Тергөө уланууда.